Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

03.06.2020 12:49
16495
Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

- Таабалды мырза, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек аралары бүгүнкү күнгө чейин такталбай, чыр-чатактар токтобой келет. Бул маселени чечүүгө биздин жетекчилерге эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?


-  Биринчиден, биздин өкмөттүн жетекчилери чечкиндүү болбой, тиешелүү органдар өз жумушун так аткара албай жатат. 30 жылдан бери топтолгон бул маселенин төркүнү баарыбызга эле маалым болуп калды. Ар кандай чыр-чатактардын чыгып кетишин билип туруп алдын албай жаткандай сезилип жатат. Анан дагы ачыктыктын жоктугу жергиликтүү тургундардын арасында түрдүү ойлорду жаратууда.

 

Мындан сырткары, өкмөт маалымат айдыңында утулуп жатат. Өзбекстандын премьер-министри Сохто эл менен жолукканда Сох-Риштан жолу ачылат деп айтты. Бирок, ЕАЭБдин талабы боюнча эл аралык статусу жок ал постту биз ача албайбыз. Муну кыргыз өкмөтү так, кесе айтып чыгышы керек болчу.



- Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сохтун тургундары менен жолукканда коридор маселеси көтөрүлүптүр. Буга сиздин оюңуз кандай?


-      -  Ал сөздү мен да уктум. Мындай пикирди Сохто жашаган өзбек жарандарынын бири сунуш катары айтыптыр. Арипов мырза аны карап көрүү убадасын бериптир. Бул жөн гана сохтуктардын кыялы. Биз ага жол бербейбиз. Анткени, Кыргызстандын жеринин асты да, үстү да биздин менчигибиз. Ал эми кайсы жерден пост ачуу биздин өз ишибиз.

Канткен менен коңшулаш эл ынтымактуу жашашы керек. Анан дагы Сох Кыргызстандын ичинде жайгашкан анклав экенин эч ким унутпасын.

 

 

Пикирлер (25)

Коопсуздук коду
ШАРОБ
СУВ, ХАВО, ЕР ЭЛНИКИ, ИККИ ЮЗЛИ ЭЛ БУЗАР!!! ХЕЧ-КИМ ОЙДА ТУҒИЛМАГАН!!!
ма
суу жер элдики болсо газ ды сатып атат го
Баатыр
Чон Ата болбой эле кой жер биздики эч кандай жол берилбесин суу пожалуйста берсе берсин берип эле келген
vachach
Бу досми ё душман
Замир
Эй шарап акылдуу боло бербечи жазсаң кыргызча жаз болбосо өч сен билгенди баары билет.
Эламан
Каридор ачылса болду узбек тажик болуп алат баткенди тажик ворухтан узбек сохтон коридор ачса конец бизде баары жегичтер жеп кылат арасында елидин койгойун уканы бар аз калганы баары жеп жутаарлар митинк кылып бааарын кууш керек ордуларына иштей турган же болбосо азыркы менмин деп чыгып аткан жаштардан койуш керек ескилер алар деген карышкыр умный аларга барибир сатат биркун кетет елдин жашоосу менен иши жок алардын баягы еле карапайым эл кыйналат бирдемке деп суйлосон камап койот деп эл айтып жатат эээ уйялгыла жеп жутарлар
Турк Ата
Урматтуу кыргыздар, сиз акылдуу жана акыйкатти элсиз. Айтыңызчы, жол ачылса, кыргыздар эмнеден айрылат? Биз бардыгыбыз түрктөрбүз, эң жакшы жол бул биримдик. Бүгүн биз бири-бирибизди алдыдагы кичинекей нерселерден арылуу үчүн колдонбосок. Эртең бизди Кытай же Орусия басып алат. Тарых каталарын кайталабайлы.
Рустам
Жер берилбейт кирип чыгып отуп жатасынар шугур кылып эле жашай бергиле биз силерден кыйынчылыкта да эч нерсе сураган эмеспиз канча жыл эч кимди киргизбей жашадынар жерге тойбогон эл экенсинер чыр чатактын не кереги бар бироонун жериге коз Артпай жашагыла
Akbar
Aka sizga rahmat shu komment yozadiganlarni ichida siz tushunadigan inson ekansz koridor ochilsa nma bopti bizzikila faqat fargonaga borib kelishadi,bybda qanday yomonlik bor,sizlarni chegarachinglar judayam qiynaydi so'x xalqini shu qiynovdan qutuladi so'xliklar,ahir biz bir millatmizku qardosh elmizku uzbek qirgiz qozoq
Ааа
Ошол каридор ачабыз деген Адам тируубекен мындайлар жоголуп кетчу эле
Шакен Насыров
Тиллаевти колдогон чондордон барбы дагы