Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

03.06.2020 12:49
16496
Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

- Таабалды мырза, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек аралары бүгүнкү күнгө чейин такталбай, чыр-чатактар токтобой келет. Бул маселени чечүүгө биздин жетекчилерге эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?


-  Биринчиден, биздин өкмөттүн жетекчилери чечкиндүү болбой, тиешелүү органдар өз жумушун так аткара албай жатат. 30 жылдан бери топтолгон бул маселенин төркүнү баарыбызга эле маалым болуп калды. Ар кандай чыр-чатактардын чыгып кетишин билип туруп алдын албай жаткандай сезилип жатат. Анан дагы ачыктыктын жоктугу жергиликтүү тургундардын арасында түрдүү ойлорду жаратууда.

 

Мындан сырткары, өкмөт маалымат айдыңында утулуп жатат. Өзбекстандын премьер-министри Сохто эл менен жолукканда Сох-Риштан жолу ачылат деп айтты. Бирок, ЕАЭБдин талабы боюнча эл аралык статусу жок ал постту биз ача албайбыз. Муну кыргыз өкмөтү так, кесе айтып чыгышы керек болчу.



- Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сохтун тургундары менен жолукканда коридор маселеси көтөрүлүптүр. Буга сиздин оюңуз кандай?


-      -  Ал сөздү мен да уктум. Мындай пикирди Сохто жашаган өзбек жарандарынын бири сунуш катары айтыптыр. Арипов мырза аны карап көрүү убадасын бериптир. Бул жөн гана сохтуктардын кыялы. Биз ага жол бербейбиз. Анткени, Кыргызстандын жеринин асты да, үстү да биздин менчигибиз. Ал эми кайсы жерден пост ачуу биздин өз ишибиз.

Канткен менен коңшулаш эл ынтымактуу жашашы керек. Анан дагы Сох Кыргызстандын ичинде жайгашкан анклав экенин эч ким унутпасын.

 

 

Пикирлер (25)

Коопсуздук коду
Зафар
Қирғиз минан Ўзбекди урустириб ўрис пойдаланмоқчи бўлибжотир. Бунданда хечким пойда кўрмайди!
Дониёр
Депутаттын айтымында, бул көйгөйдү кантип чечүү керек? Сураңыз.
Аваз
Табыш чынында кыйынсын досум бербейбиз кыргыздын бир сантиметр да жерин
ШАРОБ
ТЕСКЕРИЧЫЛЫК МЕНЕН ИШ БИТБАЙТ, РЫЗЫК КАЧАТ! ИНТЫМАКТУ РЫЗЫК АЛДЫ!!!
Алик
Тең ата б,п сүйлөшө албай эле лох б,п былжырап атышпайбы,бул өзбеги,тажигине өздөрүнө жараша мамиле кылыш к,к катуу катуу сүйлөш к,к сөзүн өткөрүш к,к аларга,антпесе тоготушпайт алар