Бугу 20, 2024
Убакыт: 06:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

03.06.2020 12:49
16497
Таабалды Тиллаев: Сох-Риштан жолу ачылбайт, анклавга коридор салууга жол бербейбиз

- Таабалды мырза, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек аралары бүгүнкү күнгө чейин такталбай, чыр-чатактар токтобой келет. Бул маселени чечүүгө биздин жетекчилерге эмне жетишпей жатат деп ойлойсуз?


-  Биринчиден, биздин өкмөттүн жетекчилери чечкиндүү болбой, тиешелүү органдар өз жумушун так аткара албай жатат. 30 жылдан бери топтолгон бул маселенин төркүнү баарыбызга эле маалым болуп калды. Ар кандай чыр-чатактардын чыгып кетишин билип туруп алдын албай жаткандай сезилип жатат. Анан дагы ачыктыктын жоктугу жергиликтүү тургундардын арасында түрдүү ойлорду жаратууда.

 

Мындан сырткары, өкмөт маалымат айдыңында утулуп жатат. Өзбекстандын премьер-министри Сохто эл менен жолукканда Сох-Риштан жолу ачылат деп айтты. Бирок, ЕАЭБдин талабы боюнча эл аралык статусу жок ал постту биз ача албайбыз. Муну кыргыз өкмөтү так, кесе айтып чыгышы керек болчу.



- Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сохтун тургундары менен жолукканда коридор маселеси көтөрүлүптүр. Буга сиздин оюңуз кандай?


-      -  Ал сөздү мен да уктум. Мындай пикирди Сохто жашаган өзбек жарандарынын бири сунуш катары айтыптыр. Арипов мырза аны карап көрүү убадасын бериптир. Бул жөн гана сохтуктардын кыялы. Биз ага жол бербейбиз. Анткени, Кыргызстандын жеринин асты да, үстү да биздин менчигибиз. Ал эми кайсы жерден пост ачуу биздин өз ишибиз.

Канткен менен коңшулаш эл ынтымактуу жашашы керек. Анан дагы Сох Кыргызстандын ичинде жайгашкан анклав экенин эч ким унутпасын.

 

 

Пикирлер (25)

Коопсуздук коду
Шакен Насыров
Ассалому алейкум Кыргыз туугандар бироону мактап бироону жамандаган озу туура емес бирок туура суйлоптур Т Тиллаев биздин чондор да карапайым елге кичине конул буруп койсо жакшы болот еле ечким каалабат урушканды ошон учун биздин чондорубуз поддерка кылып турса кошунаралда мынчалык оолукпаса керек
дилшодбек
буюк Туркистон авлодларига хос иш эмас.биз бирлашмас эканмиз ташкаридаги душманларимизга кул булиб яшайверамиз.фарзандларимиз мигрант булиб колаверади.
Эдилбек
Барактын элин кыйнап,азап корсоттунорго байкуштарга,эн аягында алып алдынар, эми эсинерге келип ушул айколдуко тобо кылып,шугур кылгвла,жон эле жанжал чыгарып атя патя дебей.
Алыбек
ишинизге ийгилик Табылды Гапырович бербейбиз каридорду
Уткир
Ерни берасан ер худоники сеники эмас беш кунлик дуне бу уласан кетасан
Мен
Анда кыргыздарга Фергананын жарымын берип коюн э макулбу? Фергана да кудайдыкы го сенники эмес а?
дилшодбек
агар коридор очилса киргизлар нима зарар куради?бундан сенга нима зарар.
Кыргыз патриоту
Тажик менен Өзбек тарапка эч качан коридор ачылбайт, ойлобогула дагы, Кыргыз жерибиз жер боюнча калат, эч кимге жер дагы берилбейт!!! Алга Кыргыз элим!!!
Рахматилла
Табыш сени президент кылбасак чек ара маселеси чечилбейт окшойт!
Айдай
Эркек депутат да ушул киши!