Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 20:13
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

1-марттан тарта акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат

1-марттан тарта акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат


Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тарта акциздик маркасы жок бир катар товарларды жүгүртүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн убактан тарта өлкө аймагында акциздик маркасы жок төмөнкү товарларды сатууга, сактоого жана ташууга тыюу салынат:


– түтүктүү тамеки, тартуучу, жыттоочу, кальяндык тамекилер (коду ТН ВЭД 2403).

– майлоочу майлар, башка майлар жана аларга кошундулар (коду ТН ВЭД 2710197100–2710199800, 3811210000).


Салык кызматы ишкерлерди 2025-жылдын 28-февралына чейин бул товарлардын маркаланбаган калдыктарын өз убагында маркалоого чакырат.


Эскерте кетсек, акциздик маркасы жок продукцияны жүгүрткөндөр үчүн 65 000 сом айып пул же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралган.


Эскерте кетсек, колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн "Salyk.kg" мобилдик тиркемесинде акциздик марканын мыйзамдуулугун жана аныктыгын текшерүү функциясы жеткиликтүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн