Күйүүчү-майлоочу майдын баасын ашкере жана негизсиз жогорулатып жаткандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди.
Анын айтымында, АИ-92 жана дизелдик майлар социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирет.
“Эгерде күйүүчү майларга баа негизсиз жогорулап, нефтетрейдерлер каалагандай баа коё баштаса, анда биздин кызмат жөнгө салуу механизмин ишке киргизет. Бул үчүн атайын даярдалган пландар бар. Азырынча биз рыноктогу абалды түшүнүү менен карап жатабыз”, - деди Орозбаев.
Орозбаев белгилегендей, министрлер кабинети салык саясатына өзгөртүү киргизген эмес. Акциз жана кошумча нарк салыгы мурдагыдай эле деңгээлде сакталууда. Демек, ички факторлор баанын өсүшүнө негизги себеп эмес.
“Негизги себеби , бул биржалык товар болуп саналат. Ал дефицитке байланыштуу Россиядан ташылып келет жана дүйнөлүк рыноктогу баа өзгөрүүлөрү түз таасирин тийгизүүдө. Тилекке каршы, биз ички муктаждыктын болгону 5%ын гана жаба алабыз”,- деп кошумчалады ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн