Тогуздун айы 14, 2025
Убакыт: 17:12
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.080
1.105

Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок

Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок


Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Республиканын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан фитосанитардык көзөмөл пункттарында карантиндик продукцияны импорттоо учурунда фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.


Бул иш-чаралардын алкагында 13-октябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги "Эркечтам" өткөрүү пунктунда департаменттин адистери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кытайдан алынып келе жаткан жалпы салмагы 25 тонна  картошканы Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.


Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, таңгагында маркалоо болбогондугу себептүү жүк жөнөтүүчү өлкөгө кайра кайтарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн