Бугу 02, 2024
Убакыт: 03:58
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

10 адам жабыркады. Бишкек-Ош жолунда үрөй учурган жол кырсыгынан кыргыз, өзбек жарандары жабыркашты

10 адам жабыркады. Бишкек-Ош жолунда үрөй учурган жол кырсыгынан кыргыз, өзбек жарандары жабыркашты

Бүгүн, 1-январда   Бишкек—Ош унаа жолунун 645-чакырымында 2 унаа кагышып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.


Күбөлөрдүн айтымында, «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын ичинде болжол менен 5-6 адам болгон. Ал эми экинчи унаа — «Субару Аутбекте» 1 эркек, 1 аял, 2 жаш бала бара жаткан. «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу унаага кыпчылып калган. Ал окуя болгон жердеги адамдар жана чакырылган куткаруучулар тарабынан чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза боду. Унаадагы калган адамдар Ош аймактык облустук ооруканасына тез жардам кызматы менен жеткирилди.


Окуя болгон жерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана тез жардам унаасы чакыртылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн