Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 20:21
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

Садыр Жапаров Египеттин президентин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды

05.11.2025 18:03
22
Садыр Жапаров Египеттин президентин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды


Президент Садыр Жапаров Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы бүгүн, 5-ноябрда Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Абдель Фаттах Ас-Сиси менен өткөн кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүсүндө билдирди.


Анда мамлекет башчысы кесиптешин 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга катышууга да чакырды.


Жолугушууда Садыр Жапаров эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын бир дагы мамлекет башчысы Африка континентине иш сапары менен келбегенин белгиледи.


Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Египеттин ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн