Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 20:21
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

Кыргызстан менен Египет дипломатиялык, кызматтык паспорт ээлери үчүн визаны жокко чыгарат

05.11.2025 18:06
21
Кыргызстан менен Египет дипломатиялык, кызматтык паспорт ээлери үчүн визаны жокко чыгарат


Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту.


ТИМден билдиришкендей, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюу аземи болуп өттү.


Тараптар саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин тастыкташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн