Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

10 млн сом чегерген чет өлкөлүк жаран 5 жылга виза алууга укуктуу болот

11.01.2023 11:25
209
10 млн сом чегерген чет өлкөлүк жаран 5 жылга виза алууга укуктуу болот


Бүгүн, 11-январда  Жогорку Кеңештин жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.


Демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Атамбаев С.А., Акаев Ж.К., Сурабалдиева Э.Ж.


Мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза алуунун өзгөчө негиздерин түзүү жана виза алуу жолжоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, мыйзам долбоору менен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн виза алуу жөнөкөйлөшөт, аны колдонуу мөөнөтү көбөйөт жана өлкөнүн экономикасына салым кошуунун бир нече варианты берилет.


Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда чегерилген суммалардын градациясы түзүлөт, ага ылайык 10 млн сомдон кем эмес сумма чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 5 жылга виза алууга укуктуу болот, жана 20 млн сомдон кем эмес сумманы чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 10 жылга виза алууга укук алат. Ошентип, чет өлкөлүк жарандар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу бир кыйла узак мөөнөттү алууга мүмкүнчүлүк алышат.


Мындан тышкары, жыйында “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн