Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

11-майда Суусамыр суусуна түшүп кеткен 42 жаштагы жарандын денеси табылды

11-майда Суусамыр суусуна түшүп кеткен 42 жаштагы жарандын денеси табылды

Бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Суусамыр суусуна түшүп кеткен жарандын денеси табылганын билдирди.


ӨКМ кызматкерлери 5 күндөн бери 42 жаштагы Бакир Исаковду издөө иштерин жүргүзгөн.


11-май күнү Суусамыр суусуна 42-жаштагы И.Б. аттуу эркек киши түшүп кеткен. 


"Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 06:15те Жайыл райондук ӨК бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде КР ӨКМнин КДМБнан 12 куткаруучу, Жайыл райондук №22 ӨКБдан 5 куткаруучу, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 3 куткаруучу, Панфилов райондук №2 ӨКБдан 1 куткаруучу, суучулдар кызматынан 6 суучул, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 15 адам.


Жумгал районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жумгал райондук №43 ӨКБдан 12 куткаруучу тартылган.


Жогору аталган жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилүүдө",- деп айтылат маалыматта.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн