Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

13 килограмм баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

15.10.2021 15:49
873
13 килограмм баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

Кара-Сууда салмагы 13 кг гашиш менен Кыргызстандын жараны кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында КР жараны “К.К.” кармалган.


2021-жылдын 14-октябрында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын аймагында кармалган жарандын автоунаасынан салмагы 13 кг болгон баңгизат каражаты (гашиш) табылган.


Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран УКМКнын тергөө жайына киргизилди.


Азыркы учурда ушул баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн