Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 15:22
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

13-январдан тарта Бишкектин Орозбеков, Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот

11.01.2024 13:27
333
13-январдан тарта Бишкектин Орозбеков, Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот


13-январдан тарта Бишкек шаарынын Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда тиешелүү жол белгилери орнотулууда.

Белгиленгендей, Раззаков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү түндүктөн түштүккө карай бир тараптуу болсо, ал эми Орозбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки тилкеси түштүктөн түндүккө карай бир тараптуу болмокчу.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү бир тараптуу болгон.

Эскерте кетсек, жалпысынан Бишкек шаарынын 8 көчөсүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулуп, 2 көчө эки тараптуу болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн