Аба ырайына байланыштуу айрым жолдордо оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусундагы 60-чакырымында, ошондой эле “Сосновка” жана “Чычкан” постторунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Бул чара жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында көрүлүүдө. Учурда тиешелүү кызматтар жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштерин жүргүзүүдө.
Жол каттамынын ачылышы тууралуу кошумча маалымат кошумча билдирүү аркылуу берилет.
"Жарандардан жана айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алуу, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана мүмкүн болушунча алыскы сапарларды убактылуу жылдыруу суралат",-деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн