14-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди.
Жаңы аныкталган учурлар:
Бишкек ш. – 14;
Чуй облусу - 4, алардын ичинен 2 учур Соль-Илецктен келгендер;
Ош ш. - 1;
Жалал-Абад облусу - 4;
Нарын облусу - 15.
:za
Кийин маалымат жыйында дагы жаңы 15 адамдан коронавирус тастыкталганын кошумчалап, алар тууралуу дагы кошумча маалымат болорун айтты.
Муну менен жалпы республика боюнча жуктургандардын саны 1082ге жетти.
Ал эми илдеттен 9 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылган. Жалпы 735 бейтап айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн