Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

14 миң доллар опузалап талап кылган "Женгонун" адамдары кармалды

14 миң доллар опузалап талап кылган "Женгонун" адамдары кармалды


УКМК тарабынан 14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталып К.Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


 Белгилүү болгондой, кармалгандар күч көрсөтүп, зомбулук кылабыз деп коркутуу жолу менен 14 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын Ош облусунун тургунуна милдеттендиришкен. Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 


 Азыркы учурда кармалгандарга, Ош шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. 

  УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана шериктештерине каршы аракеттенүүнү улантууда.


 КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо, бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

  Тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн