Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы адам кармалды

17.06.2020 12:48
1031
14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы адам кармалды


Сокулук районунда 14 жаштагы кызды зордуктаганга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматта Чат-Көл айылында 14 жаштагы кыз зордукталып, милиция чара көрбөй жатат деген билдирүү чындыкка дал келбей турганы айтылат. 


Белгилүү болгондой 2019-жылдын 14-декабрь күнү Сокулук милициясына У.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2019-жылдын сентябрь айынын аягында Максат аттуу бала анын жашы жете элек кызын күчкө салып “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасына салып, зордуктаганын билдирген.


Аталган факт 161-берене (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 24 жаштагы К.М. болгону такталган.


16-июнь күнү анын жүргөн жери тууралуу ыкчам маалымат алынып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 17-июнга караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалган.


Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн