Бугу 12, 2024
Убакыт: 11:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

1,5 млн сом зыян келтирилген. Лейлекте уурулук менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды

18.04.2022 15:32
665
1,5 млн сом зыян келтирилген. Лейлекте уурулук менен алектенген кылмыштуу топ аныкталды

Лейлекте мал уурдаган кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну 30 жаштагы А.Ндин 2баш уюн торпогу менен ээн талаага байлап койгон жеринен белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын, жалпысынан ага 155000сомдук зыян келтирилгендигин билдирип 2022-жылдын 13-апрель күнү арыз менен кайрылган.


     Бул арыз Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталат.  

   

  Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө кызматы менен Кулуңду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери биргеликте ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүп, Кулуңду айыл аймагынын Интернационал айылынын тургуну 31жаштагы Ж.Ф.жана Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну 20жаштагы Т.С.экендиги аныкталып кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

 

    Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул эки шектүү дагы 5 факт мал жандыктарды уурдалгандыгы жана Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 28жаштагы Р.Б. аттуу жаран кылмыштуу шериги экендиги аныкталып кармалды.

   

  Кылмышка шектелип кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн