Тогуздун айы 20, 2025
Убакыт: 21:50
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.065
1.110

Кыргызстан менен Азербайжандын курулуш тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

20.10.2025 18:31
33
Кыргызстан менен Азербайжандын курулуш тармагындагы кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстан менен Азербайжандын курулуш тармагындагы кызматташуусу талкууланды. Маселе курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбековдун Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында курулуш тармагында тажрыйба алмашуу максатында Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Довлетхан Довлетханов менен жолукканда көтөрүлдү.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагындагы уруксат берүү тартибин жакшыртуу, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери кеңири талкууланды. 


Андан тышкары, электрондук платформалар аркылуу курулуштагы уруксат документтерин берүү процессинин теориялык аспектилери каралып, тажрыйба алмашуу боюнча өз ара пикирлер айтылды.


Бул иш-чаралар эки өлкөнүн курулуш тармактарынын кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн