Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

16-майдан тарта кыргыз жарандарына Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды

05.05.2022 11:16
1394
16-майдан тарта кыргыз жарандарына Россияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды

2022-жылдын 16-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Федерациясына кирүүгө, ошондой эле РФ жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Россия Федерациясынын Өкмөтү кабыл алды.


Белгилей кетсек, бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.


Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн