Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган дагы 16 адам Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Бул маалыматты оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
Анын айтымында, медициналык мекемеге канча жабырлануучу түшөрү азырынча белгисиз.
"Алар дагы эле жеткирип жатышат. Тез жардам кызматы алып баратат. Азырынча 16 адам алынып келинген. Биз жардам көрсөтүп жатабыз", - деди Кубатбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн