Бугу 10, 2025
Убакыт: 13:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.030
1.085

179 адам ууланган "Империя Пиццы" кафесине канча айып пул салынды?

26.10.2021 14:32
686
179 адам ууланган "Империя Пиццы" кафесине канча айып пул салынды?

«Империя пиццы» тамактануучу жайындагы жапырт уулануу фактысы боюнча аталган жайдын администрациясына беш протокол түзүлүп, 30 500 сом айып пул чегерилди. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова брифингде билдирди.


«Анализдердин соңку жыйынтыгы чыкканга чейин «Империя пиццы» тамактануу жайынын 16 түйүнү тең жабылды. Бузуулар кодексине ылайык, кафенин администрациясына карата 7500, 5 000 жана 3 000 сомго беш протокол түзүлдү».


Мындан тышкары ал Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору уулануу боюнча маалыматты милицияга өткөрүп бергенин айтып, мындан ары ишти укук коргоо органдары карай турганын белгиледи.


Белгилей кетсек, акыркы 3 күн аралыгында тамак-аштан уулануу белгилери менен Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 179 адам кайрылган. Алардын ичинен 50 бейтап стационардык дарылануудан өтүүдө. Калгандары алгачкы медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн