Бүгүн, 4-августта наристени издөөгө жалпысынан 29 куткаруучу тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, куткаруучулар милдеттерин так аткаруу менен бүгүн да көл жээктеринен,суу түбүнөн жана аймактарга бөлүнүп издешет.
Издөө иштерин жүргүзүүгө Тору-Айгыр айылына КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 8 суучул, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу, Кочкор райондук №42 ӨКБдан 4 куткаруучу, Нарын райондук №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу жалпысынан 29 куткаруучу тартылды.
Эске салсак, 18-июлда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосундагы "жапайы пляждан" 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз толкун болуп жаткан учурда көлгө чөгүп кеткен.
Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн