Кыргызстандын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы чет мамлекеттерде добуш берүү үчүн дагы 3 шайлоо тилкесин түздү.
БШКнын маалыматы боюнча, жаңы шайлоо тилкелери Казакстандын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында түзүлдү.
Ошону менен чет өлкөлөрдө жалпысынан 100 шайлоо тилкеси иштемекчи.
Белгилей кетсек, буга чейин БШК чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 97 шайлоо тилкесин түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн