Жетинин айы 06, 2025
Убакыт: 14:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.073
1.100

Төө-Ашуу жана Ала-Белде жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө

06.11.2025 10:24
23
Төө-Ашуу жана Ала-Белде жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө


Бүгүн саат 09:15ге карата Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.


Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.


"Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.


Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн