Теке 06, 2024
Убакыт: 17:54
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

2 жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен облусунун тургуну Оштон табылды

28.05.2021 10:25
941
2 жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен облусунун тургуну Оштон табылды

Эки жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен облусунун жашоочусу табылды. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Баткен районунун Самаркандек айылынын 41 жаштагы жашоочусу 2019-жылдын 20-октябрь күнү өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жүргөн.

Бул факты боюнча Баткен райондук ИИБдин милиция кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды уюштуруп, издөө иштерин жүргүзүп келген.

2021-жылдын 26-май күнү Баткен РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган Базарбаев Анарбай Сапаралиевичти Ош облусунун Ноокат районунда жүргөн жеринен таап келип, туугандарына өткөрүп беришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн