Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

20 үй-бүлө эвакуацияланды. Түндө Сузакта үйлөрдү сел каптады

20 үй-бүлө эвакуацияланды. Түндө Сузакта үйлөрдү сел каптады



Сузак району. Алдын ала маалымат боюнча, 4-май күнү саат 22:50 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад айылдарында, Барпы айыл аймагынын Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарында турак үйлөрдү каптаган.  Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.


Мындан сырткары Барпы а/а Б.Осмонов айылынын Муратали көчөсүндө 20 жана Авазбеков көчөсүндө 18 турак үйлөрдүн ичине сел суулар кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүрүлүп, Миң-Өрүк айылында 1 турак үй уурап түшкөн. 


Мындан сырткары Чангет-Сай дарыясынын денгээли көтөрүлүп Барпы а/а Чокмор айылындагы турак үйлөрдү каптаган. 


Учурда жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, Сузак райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам топтору жана 77 куткаруучу, техникалардын 3 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 грейдер, 1 манипулятор, 1 манипулятор, 2 трактор МТЗ-80 тартылып кырдаалды жоюу иш-чараларын жүргүзүшүүдө. 


Мындан сырткары Миң-Өрүк айылынан 15 үй бүлөө жана Кара-Жыгач айылынан 20 үй-бүлө эвакуацияланган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн