Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

2021-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ИИМдин “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жыйынтыкталды

18.02.2022 20:45
654
2021-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча ИИМдин “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жыйынтыкталды


Бүгүн, 18-февраль күнү ИИМдин коллегиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2021-жылдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы  чыгарылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, Кыргыз  Республикасынын  Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков “Кесиби боюнча мыкты” эсептелген кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.


Отурум  сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшыруу менен башталып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жыйынтыкталды. Аталган иш-чара  иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо менен өз кызматына болгон шыктануусун күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин жобосуна ылайык өткөрүлүп келет.  Ошондой эле, ар бир кызматкердин демилгесин, активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жогорулатып, кесиптик чеберчилигин көтөрүүгө шарт түзөт.


Ички иштер органдарынын ар бир  кызматтарында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн, күжүрмөн жана физикалык даярдыгынын, кызматтык тартиби менен мыйзамдуулуктун абалынын жыйынтыгы боюнча кызматкерлерди баалоо критерийлери иштелип чыккан. Ал бул сынактык жеңүүчүлөрү болуп, жылдын жыйынтыгы менен мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер  аталды.


2021-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинацияларда:  


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин мыкты кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, майор Байшериев Ринат Рахатбекович сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын;


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» -Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын  № 2 шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын улук лейтенанты Абдисали уулу Чынгыз сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын;


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын уюшкан баңгилик топторго каршы аракеттенүү бөлүмүнүн улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын подполковниги  Эргешов Нурлан Дженмурзаевич сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын; 


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» - Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын  улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын капитаны Бакытбеков Темирлан Бакытбекович сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын; 


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мыкты милиционери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору, милициянын старшинасы Абдрахманов Мойдунбек Абсаматович сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын; 


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын мыкты кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин районунун Күзөт бөлүмүнүн кармоо тобунун милиционери, милициянын старшинасы Олжобай уулу Залкарбек сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын; 


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалистикалык кызматынын мыкты кызматкери» - Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын криминалистикалык кызматынын инспектор-криминалисти, милициянын майору Шаршенов Кайрат Жолдошович сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын;


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун мыкты милиционери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун                       1-батальонунун 1-ротасынын старшинасы, милициянын прапорщиги Иманбеков Тилек Буланович сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын;


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун Бишкек шаары боюнча Атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу оперкызматкер-жоокери, милициянын старшинасы Курманбек уулу Жеңишбек сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын; 


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын мыкты милициянын участкалык уполномоченныйы» - Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын майору Бабаев Кубанычбек Журабаевич сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын;


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын мыкты милиционери» - Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционери, милициянын старшинасы Курманбек уулу Талгат сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын;


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча мыкты участкалык инспектору» - Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн № 5 Шаардык милиция бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Жолдошов Нурланбек Апсатарович сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын; 


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам чара көрүү борборунун мыкты оперативдик нөөмөтчүсү» - Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн оперативдик нөөмөтчүсү, милициянын капитаны Нурматов Бекмырза Абдисаттарович сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын;


- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү» - Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Жаназаков Кутмидин Абдималикович сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол саат сыйлыгы менен сыйлансын.


Жогоруда аталган кызматкерлердин бардыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол сааты  менен сыйланышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн