Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

2021-жылы 37 миңден ашык кылмыш катталган

09.02.2022 14:44
700
2021-жылы 37 миңден ашык кылмыш катталган


2021-жылы республика боюнча 37 784 кылмыш катталган. Алардын ичинде 3 822 оор жана өзгөчө оор кылмыштарга кирет. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.


Жасалган кылмыштардын 53 пайызынын бети ачылган. 

88 250 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, 8 684 кылмыш иши соттук кароого жиберилген.


78 911 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. 

670 кылмыш иш өндүрүштөн токтотулган. 


Соттор тарабынан 74 кылмыш иш тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайра тергөөгө кайтарылган.


Кылмыш иштер боюнча 4 млрд. 555 млн. сомдон ашык зыян аныкталып, 4 млрд. 277 млн. сомго жакын зыян өндүрүлүп, 93,8 пайызды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн