Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 06:08
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

2022-жылы Ошто жаңы Перинаталдык борбор курула баштайт

24.11.2021 08:46
2920
2022-жылы Ошто жаңы Перинаталдык борбор курула баштайт


Германия өнүктүрүү банкы жана КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын долбоорунун негизинде Ошто Перинаталдык борбор курулушу пландалууда. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.


Бүгүн 23-ноябрь күнү аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Германия өнүктүрүу банкынын өкүлдөрү, КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары жана Ош облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышты.


Аталган заманбап Перинеталдык борбор заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылып, көп профилдүү болуп, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагына курулат. Перинаталдык борбордо төрөттүн оор түрлөрү менен кайрылган бейтаптарды кабыл алат. Курулуш иштери 2022-жылы башталып, 2024-жылы бүтүрүү пландалууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн