Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

2023-жылы эң төмөн пенсия 7200 сомду түзөт

26.07.2022 15:19
590
2023-жылы эң төмөн пенсия 7200 сомду түзөт


Келе жаткан 2023-жылы эң төмөнкү пенсия 7 200 сомго жеткирилет. Бул туурасында Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда орточо пенсия 6 100 сомду түзөт.

"Бүгүнкү күндө пенсионерлердин жашоо минимуму 7 200 сом болуп жатат. Буюрса, ошого жеткиргенге аракет кылабыз. 2023-жылдын январына чейин пенсионерлердин 50 пайызынын эң төмөнкү пенсиясын жашоо минимумдун суммасына теңейбиз. Жыл соңуна чейин 100 пайызга чейин жеткиргенге аракет кылабыз", — деди Алиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн