Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 17:55
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

2024-жылы Пекинден Бишкекке түз аба каттамы ачылат

29.11.2023 12:11
237
2024-жылы Пекинден Бишкекке түз аба каттамы ачылат


Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жаңы түз аба каттамын ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн белгилешкендей, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен КР президенти Садыр Жапаровдун ортосунда жетишилген маанилүү макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кытай менен Кыргызстандын тиешелүү органдары консультацияларды өткөрүп, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча бир пикирге келишкен.

Будут открыты новые прямые воздушные маршруты между Китаем и Кыргызстаном, сообщает посольство КНР в Бишкеке.

Ошентип, 2024-жылдын биринчи кварталында Пекин - Бишкек - Пекин маршруту боюнча жаңы аба каттары ачылат, аны China Southern Airlines авиалиниясы аткарат.

Ошондой эле 2023-жылдын декабрында Чэнду - Бишкек – Чэнду каттамы ачылып, аны Changlong Airlines авиалиниясы ишке ашырат.

"Кытай тарап кыргыз тарап менен бирдикте эки өлкөнүн ортосундагы байланыштардын деңгээлин тынымсыз жакшыртууга жана ар түрдүү тармактарда кызматташуунун жаңы өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө даяр", - деп айтылат Кытай элчилигинин маалыматында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн