Тогуздун айы 21, 2025
Убакыт: 19:44
USD
87.30
87.80
EUR
101.25
102.25
RUB
1.070
1.115

Медакадемиянын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси кайтарылды

21.10.2025 16:31
25
Медакадемиянын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси кайтарылды


И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган жер тилкеси 1998-жылы мамлекеттик көзөмөлдөн мыйзамсыз алынып, жеке менчикке өтүп кеткен.


Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган жер тилкесинин менчик ээси аталган жер участогун имараты менен бирге Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өз ыктыяры менен жана акысыз өткөрүп берди.


Белгиленгендей, КР "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары, жер тилкелери жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.


УКМК мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн