Тогуздун айы 21, 2025
Убакыт: 19:41
USD
87.30
87.80
EUR
101.25
102.25
RUB
1.070
1.115

Шайлоо - 2025: Кыргызстанга ЕККУнун байкоочулары келди

Шайлоо - 2025: Кыргызстанга ЕККУнун байкоочулары келди


Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун шайлоолорду байкоо миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, ЕККУнун миссиясы Кыргызстанга парламенттик шайлоолорду байкоо үчүн келген, ошондой эле 30 узак мөөнөттүү жана 300 кыска мөөнөттүү байкоочуну жөнөтүүнү пландаштырууда.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык байкоочулардын ишин уюштуруу маселелерин талкуулашты. Министр Ж.Кулубаев кыргыз тарап байкоочуларга өз милдеттерин толук кандуу аткаруусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенин тастыктады.


Тышкы иштер министри ошондой эле эл аралык байкоочулар Кыргызстан тарабынан шайлоо процессине эң кеңири жана ачык мониторинг жүргүзүү максатында чакырылганын баса белгиледи. Ал ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросуна Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзүү үчүн миссияны жөнөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.


Министрдин пикиринде бул шайлоолор коомдун демократиялык негиздеринин туруктуулугун сыноо жана өлкөдөгү демократияны андан ары бекемдөө жолундагы кезектеги кадам болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн