Мексиканын Оахака штатында жаш балык уулоочу өзүнөн чоң балык кармап алды. Бул тууралуу Mexico News Daily басылмасы жазат.
Маалыматка караганда, 22 жаштагы Давид Монкада салмагы 49, 50 жана 56 килограммды түзгөн үч чоң балыкты кармаганга үлгүргөн.
Давид Монкада өспүрүм кезинен бери балык улоого кызыгат. Анткени атасы дагы балыкчы болгон. Кичинекей кезинде ал атасынын кайыгы менен деңизге барып балык улаганды жактырчу. Эми азыр анын жеке кемеси бар. Мурун ал үчүн балык уулоо хобби болсо, азыр ал каражат табуу булагына айланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн