Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

24 жыл мурда ата-энеси ажырашып кеткен. Ташиев 27 жаштагы Кадыровго паспорт тапшырды

10.11.2022 16:05
361
24 жыл мурда ата-энеси ажырашып кеткен. Ташиев 27 жаштагы Кадыровго паспорт тапшырды

 


          2022-жылдын 10-ноябрында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, 24 жылдан бери Казакстан Республикасында иштөөгө мажбур болгон жана өздүгүн тастыктоочу документтери жок Ош облусунун Ноокат районунда 1995-жылы туулган Кадыров Санжарбек Саибжоновичти кабыл алды. 

     

   Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей,  көрүлгөн чаралардын негизинде С.С.Кадыровго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн негиз болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген. С.С.Кадыровго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алып берүү маселеси КР Президенти С.Н.Жапаровдун көзөмөлүндө болгон. 

     

    Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 20-октябрында С.Кадыров Кыргыз Республикасынын Президентине (@tezkabar.official Instagram социалдык баракчасында) видео кайрылуу жолдоп, ага Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

          1998-жылы С.Кадыровдун ата-энеси ажырашып, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Казакстанда С.Кадыров документинин жоктугунан мектепке барбай, талаада айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн.

     

    2010-жылы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам С.Кадыров үй-бүлөсүн таштап, Алматы шаарында металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеп жүргөн. 2021-жылы С.Кадыровдун атасы коронавирустан каза болуп, сөөгү Алматы облусунун Кайнар айылында коюлган. 

   

      С.Кадыровдун айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна бир нече жолу барган, бирок Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун документтештирүү аракеттеринен Кыргыз Республикасынын паспортун берүү үчүн негиз болуп саналган ата-энесинин жана баштапкы документтеринин жоктугунан майнап чыккан эмес.


         

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн