Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:47
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кызмат өтөп жаткан 26 аскер кургак учук жуктуруп алды

31.03.2021 13:05
494
Кызмат өтөп жаткан 26 аскер кургак учук жуктуруп алды

Кургак учукка кабылган Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн 26 жоокердин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу №99718 аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Руслан Абдулдабеков  маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, учурда 26 аскер кызматкери стационардык дарылануудан өтүүдө.


Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, инфекциянын болжолдуу очогу аныкталды. Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жооптуу адамдар дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Бардык материалдык Бишкек горнизонунун Аскер прокуратурасына жиберилген. Бүгүнкү күндө кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө”, - дейт ал.


Абдулдабеков кургак учукту алдын алуу максатында медициналык бөлүм күчөтүлгөн режимге өтүп, эпидемиологияга каршы иш-чаралар аткарылды.


Ооруган жоокерлердин абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалган. Алардын ата-энелери менен тыгыз байланыштабыз”, - деди ал.


Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-январында Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кургак учукка кабылган учур катталган. Кийин ооруган жоокерлердин саны 15ке жеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн