Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

29-апрелде да мекенди коргогон. Чек арада каза болгон Бекмырза Шарабидин уулу жерге берилди

29-апрелде да мекенди коргогон. Чек арада каза болгон Бекмырза Шарабидин уулу жерге берилди


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Бекмырза Шарабидин уулу 16-сентябрда, Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетин аткылоодо курман болгон. Маркумдун сөөгү 18-сентябрда Ноокен районундагы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Арык айылында жерге берилди.


Бекмырза Шарабидин уулу 1996-жылы туулган. 2015-жылы Улуттук гвардияда бир жыл кызмат өтөп, 2016-жылдан бери Чек ара кызматында келишимдик негизде иштеп келе жаткан. Алгач №2027 "Маданият" чек ара бекетинде иштеп жүрүп, 2020-жылы Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетине которулган.


Чек ара кызматынын маалыматында "Бекмырза Шарабидин уулу 2021-жылы апрель, майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Мекенди жана чек араны активдүү коргогон. 16-сентябрь күнү Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетинде баатырларча курман болду" деп жазылган.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн