Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:23
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

3 айда 90го чукул милиция кызматкерине тартиптик жаза берилди

28.04.2023 19:13
412
3 айда 90го чукул милиция кызматкерине тартиптик жаза берилди


Бүгүн  ИИМдин жыйындар залында  ички иштер органдарынын 2023-жылдын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.


Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн 2023-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын жетекчилик курамдагы 90го чукул кызматкерлерине  ар кандай тартип жазалары берилди.  Айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү  кийинки отурумдарда карала тургандыгы белгиленди. 


      Коллегияда ИИМ жетекчилиги тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлери  тарабынан кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо, ротациялоону улантуу, жарандардын кайрылууларына ыкчам жана мыйзам чегинде жооп берүү, кылмыш бетин ачуу жана аны сапаттуу тергөө, өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, жол коопсуздугун сактоо багытында кескин чараларды көрүү,  коомдук тартипти сактоодо заманбап технологияларды толук ишке киргизүү боюнча сапаттуу иштер жүргүзүү жана ички тартипти чыңдоо багытында тынымсыз иш ишмердүүлүктү сапаттуу жүргүзүү багытында тапшырмалар коюлду. 


Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы  ИИМдин Башкы Штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди. 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн