Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

3 килограммдай баңгизат жүгүртүүгө тиешеси бар Өзбекстандын жараны кармалды

25.02.2022 14:10
591
3 килограммдай баңгизат жүгүртүүгө тиешеси бар Өзбекстандын жараны кармалды

 Эл аралык баңгизатын жүгүртүүгө тиешеси бар Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарынын көмүскө каналдарынын ишмердигине каршы аракеттенүү жана аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылдын 22-февралында К.Б.Г. аттуу Өзбекстан Республикасынын жараны Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынан кармалды.


    Тинтүү учурунда андан 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим табылып алынган.

    Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн