Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

35 жаштагы жаранды сабаган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири кармалды

35 жаштагы жаранды сабаган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири кармалды

Чолпон-Ата шаарында 35 жаштагы жаранды сабап кеткен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, 2023-жылдын 6-январь күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине Чолпон-Ата шаарынан белгисиз адамдар сабап кеткен 35 жаштагы жаран жеткирилген.


 Жабырлануучунун туугандары арыз мененмилицияга кайрылып, бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп, күнөөкөрлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышкан. 

 Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 12-пункту (Бейбаштык максатта ден-соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 

 Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Ысык-Көл районунун тургуну 1989-жылы туулган Н.С. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана Камчы Асанбектин (Кольбаев) жакын адамдарынын бири. 

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун токтому менен аны эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. 

Тергөө амалдары жүрүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн