Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

4 талапкер биригип Садыр Жапаровду жеңип кетеби?

29.12.2020 13:51
1909
4 талапкер биригип Садыр Жапаровду жеңип кетеби?


Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев жана Канатбек Исаевдер шайлоодо тыгыз кызматташтуу багытында атайын меморандумга кол койду. 29-декабрдагы бул иш-чара Бишкектеги отелдердин биринде өттү.


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери А.Мадумаров шайлоо астында бир катар талапкерлерге басым болуп жатканын, административдик ресурс колдонулуп, добуштарды сатып алуу катталып жатканын айтты.


Биз экинчи турда бир талапкерге токтолуу боюнча кызматташууга кол койдук. Жаңы жылдан кийин шайлоочулар менен чогуу жолугушууларды өткөрөбүз”, - дейт ал.


 Бишкекте өткөн бул иш-чарада аталган талапкерлер өтө ишенимдүү жанан ынанымдуу сүйлөгөнү бир топ ойлого жетелөөдө. Булардын артында Россия сыяктуу күч жокпу? Же каржылаган өтө чоң уюмдар барбы? Болбосо көпчүлүктүн көңүлүнө төп келип турган Садыр Жапаровду жеңип түшө тургандай күпүлдөп жатканынын сыры эмнеде? Эмнеси болсо да мамлекетибизде тынчтык, туруктуулук, өнүгүү болсунчу. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Айагыз
Садыр Жапаров биринчи турда эле ото тургандыгы белгилуу болуп калды... Бирок ар бир талапкердин оздоруно жараша электораты бар, 60%пайыз менен Жапаров алат, деген ойдомун, бирок чем черт не шутит????
Таа
Кучу мыйзамдуулукта.