Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

450 миң пара талап кылган "Кадастрдын" Аравандагы кызматкери кармалды

450 миң пара талап кылган "Кадастрдын" Аравандагы кызматкери кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-январда 30 миң сом өлчөмүндө мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалды. Алар президент тарабынан кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.


Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн