Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

5 жылда Кыргызстандын бардык аймагы таза суу менен камсыз болот

11.06.2020 16:28
1067
5 жылда Кыргызстандын бардык аймагы таза суу менен камсыз болот


Өлкөнүн ирригациялык тутумун өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыздоо Сооронбай Жээнбековдун президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Жээнбековдун бүгүн, 11-июнда Араван районундагы иш сапарында айтылгандай, Кыргызстанда ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 2026-жылга чейин үч этап менен ишке ашырылууда. Биринчи жана экинчи этаптын алкагында 2024-жылга чейин 31 суу чарба объектиси пайдаланууга берилет, жыйынтыгында 27 миң га жаңы сугат жери өздүштүрүлөт жана 46 миң га жердин суу менен камсыздалышы жакшырат.

2018-2019-жылдары республика боюнча 1364 га жаңы сугат жери өздөштүрүлүп, 3296 га жердин мелиоративдик абалы жана 3569 га жерде суу менен камсыз кылуу жакшырган.

Акыркы үч жылда өлкөнүн 107 айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. 2018-жылы аталган долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 350 млн сом, ал эми 2019-жылы 500 млн сом бөлүнгөн.

2024-жылга чейин 715 айылда инфратүзүмдүк курулуш иштерин жыйынтыктоо жана жаңылоо пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө 588 айылдын тизмеси түзүлүп, жалпысы 33 млрд сомдук каражат булактары аныкталды. Таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттик каржылоодон сырткары өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары жигердүү тартылууда.

Жалпысынан жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык региондору таза суу менен камсыз болот, деп кошумчаланат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн