Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 23:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

50 миң сомдон пара берип турган. Баткенде контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды

18.02.2022 18:27
1051
50 миң сомдон пара берип турган. Баткенде контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды

Контрабандалык иштердин негизги уюштуруучуларынын бири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


  2022-жылдын 15-февралында УКМК тарабынан республиканын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат адамдарына пара берүү) боюнча Баткен облусунун аймагында контрабандалык иштер менен алектенгендердин бири - Кыргыз Республикасынын жараны Н.Б.А. кармалды.

 

  Аталган жаран кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу контрабандалык жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 000 сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда кармалган.

   

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн