Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

500 миң спортчу бар. Депутат Спорт министрлигин түзүүнү сунуштады

27.10.2022 11:22
661
500 миң спортчу бар. Депутат Спорт министрлигин түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-октябрдагы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев Спорт министрлигин түзүүнү сунуштады.


Анын айтымында, мурунку аптада бир катар депутаттар менен бирге өткөн жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен спорт тармагын бөлүү маселеси көтөрүлгө


“Анда талкуулар болуп, спорт тармагын агенттик кылбай эле, министрлик кылып түзүү сунушталган. Бүгүнкү күндө токтом чыгып, төрагага бердик. 1950-жылдан бери спорт тармагына көңүл бурулган эмес. Буга чейин агенттик, департамент жана комитет эле болуп келген. Токтомдо эмне себептен министрлик керек экени жазылды. Бирок өлкөдөгү федерациялардын президенттери, спортчулар дагы кошумча маалымат берип коюубузду суранды. Алсак, азыркы министрликте бир катар тармак (Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты) бар, анын баарына физикалык жактан жетишүү кыйын. Ошол себептен спортко кош көңүл мамиле жасалып калууда”, - дейт а


Депутат министрликтин алдында жүздөгөн федерациялар бар экенине токтолд


“Анын 60ынын дайыны жок, эч нерсе менен алек болбойт. Тилекке каршы, аларга мамлекеттик казынадан жылына каражат бөлүнүп турат. Ал эми 40 пайызы өздөрү каржы булактарын издеп, кайырчы болуп жүрөт. Бул ачуу чындык”, - деди эл өкүл


Жамгырчиев коңшу же алыскы өлкөлөр Кыргызстандын улуттук оюндарына кызыгуусу күч экенин белгилеп, дүйнө элине ал оюндарды жайылтууга министрлик керек экенин кошумчалады3.1ү.у.л.н.шумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн