Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

7 депутат колдоду. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин комитети жактырды

15.11.2022 19:58
423
7 депутат колдоду. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин комитети жактырды

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды. Документ эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.


Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүү боюнча документке добуш берер алдында комитеттин жыйынынан төрт депутат - Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова чыгып кетишти. Ал эми Эрулан Көкүлов жыйындын башында кетип калган. Депутаттар Айбек Осмонов менен Миргүл Темирбаева отурумга келген жок.

Мадумаров мындай кадам кворум түзүп бербөө үчүн кабыл алынганын айтты.


“Биздин абийирибиз ушуга түртүп атат. Урматтуу кыргызстандыктар, биздин күчүбүз жетпейт. Комитеттин беш мүчөсү добуш берердин алдында кворум кылбай чыгып кетүүнү чечтик”, - деди ал.


Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 14 мүчөсү бар. Комитеттин юристи мыйзам долбооруна добуш берүүдө кворум бар экенин билдирип, натыйжада калган депутаттар аны ратификациялоого макул болушту.


Булак: "Азаттык" 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн