Теке 06, 2024
Убакыт: 17:33
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

7-майда тажик тарап такталбаган аймакка чек ара кызматын коюуга аракет кылган

08.05.2021 09:51
1052
7-майда тажик тарап такталбаган аймакка чек ара кызматын коюуга аракет кылган



Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2021-жылдын 7-майы саат 22.30 кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу экендигин маалымдайт.  


Бүгүн мамлекеттик чек ара аймагынын Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-1 жерлигинин тушунда тажик тарап чек ара кезметин коюууга аракет кылган. Кыргызстандын чек арачыларынын мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын тажик тарап ошол эле замат аткарган. 


Интернет айдыңдарында кулпунайды контрабандалык жол менен өткөрүлүүдө деп тараган видео боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө беребиз: бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына жакын жерден Тажикстандын жараны 10 кг. кулпунай сатууга аракет кылган, бирок Тажикистандын чек арачылары тажик жаранын аракетине өздөрү бөгөт койгон. 


Белгилей кетсек азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы контрабандалык иштерге бөгөт коюуу жумушун мамлекеттик органдардан сырткары Кыргызстандын чектешкен аймагындагы жараандык коомдор да көзөмөлгө алышууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн