Боливиядагы Эль-Альто университетиндеги студенттердин жолугушуусунда болгон тыгындан жети студент каза болду. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги билдирди.
"Эль-Альто университетинде болгон окуяда студенттер экономикалык илимий чогулушка жыйналган. Студенттердин көптүгүнөн залдын тосмолору туруштук бере албай бир нече студент 4-кабаттан кулап түшкөн. Окуя болгон жерде 5 студент жеринде каза болгон. Кийин реанимацияда жаткан дагы 2 студент каза болду.
Укук коргоо органдары аталган окуя боюнча иликтөө жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн