Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

74 жаштагы аял тестирлөөгө катышкан. Ал азыркы кезде студент

16.02.2022 12:57
465
74 жаштагы аял тестирлөөгө катышкан. Ал азыркы кезде студент

Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рысбеков жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) тапшыргандардын эң улуусу тууралуу маалымат жыйынында айтып берди.


Рысбеков ЖРТны тапшырууда жаш курак боюнча чектөө жоктугун белгилейт.


“ЖРТни тапшырууга эң улуу 74 жаштагы аял киши келген. Ал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырган. Учурда Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медфакультетинде окууда”, - дейт ал.


Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева ЖОЖдордо окуп жаткан студенттер тестти тапшыруу үчүн каттоодон өто албай турганын маалымдады.


Булак: kabar.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн